• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Буудайды жөөктөп себүү ыкмасын жайылтуу максатында семинар өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 23.09.21. /Кабар/. Күн мурун, 22-сентябрда, Чүй облусунун Сокулук районундагы Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтунун “Жаңы-Пахта” үрөнчүлүк чарбасынын эгин талаасында Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги күздүк буудайды жөөктөп себүү ыкмасын демонстрациялоонун тажрыйбаларын жайылтуу менен дыйкан-фермерлердин билим деңгээлин жогорулатуу максатында семинар өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

“Быйыл аба ырайынын ысык болгондугуна байланыштуу, сугат мезгилинде дыйкандарга суунун жетишсиздигинен эгиндин түшүмү былтыркы жылга салыштырмалуу аз жыйналды. Бүгүн буудайды жөөктөп себүү, сууну туура жана үнөмдүү пайдалануу, таза, сапаттуу үрөндү себүү, заманбап технологияларды колдонууну үйрөнү максатында чогулуп олтурабыз”, -деди айыл, суу жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков.

Семинарды жүрүшүндө Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтунун директору Ж. Акималиев буудайды жөөктөп себүү ыкмасын демонстрациялоо боюнча дыйкан-фермерлерге айтып, жеринде практика жүзүндө көрсөтүп берди.

Мындан сырткары, айдап себүүнүн алдында топуракты туура даярдоо, тамчылатып суугаруу ыкмасын колдонуу менен сууну үнөмдүү пайдалануу боюнча кеңештер берилип, минералдык жер семирткичтердин, техникалардын, таза сапаттуу үрөндөрдүн көргөзмөсү уюштурулду.

Семинарга министр А. Жаныбеков, министрликтин тиешелүү өкүлдөрү, Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтунун директору Ж. Акималиев, Талас, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын райондорунун агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчылары жана үрөн чарбалардын жетекчилери, айыл чарба кооперативдердин башчылары, дыйкан-фермерлер катышты.

Пикир

Оставить комментарий