• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Буудайдын сатып алуу баасы белгиленди

Экономика 0

Бишкек, 04.06.22. /Кабар/. Буудайдын сатып алуу баасы белгиленди. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти

Маалыматка ылайык, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана 2022-жылы сезондук айыл чарба талаа жумуштарын өз убагында жана уюшкандыкта жүргүзүүдө айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, КР министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-январындагы №39-р тескемеси менен бекитилген 2022-жылы сезондук айыл чарба талаа жумуштарын жүргүзүү боюнча иш-чаралар планынын 13 пунктун аткаруу алкагында, КР Экономика жана комммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2022-жылдын 31-майындагы № 20 буйругу менен КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду аркылуу сатып алынуучу сапаты үчүнчү класстан төмөн болбогон аштык буудайдын сатып алуу баасы 1 килограммына 25,0 сом деңгээлинде белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий