• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

БУУнун алкагында Кыргызстандын маданий мурастарын жайылтуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 22.04.21. /Кабар/. Кечээ, 21-апрелде Нью-Йорктогу БУУнун алдындагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлчүлүгү БУУнун Аял дипломаттар клубу менен биргеликте Кыргызстандын материалдык эмес маданий мурастарын, айрыкча Шырдак килемин жасоону жайылтуу боюнча онлайн маданий иш-чарасын өткөрүштү, ага БУУдагы мүчө мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрү, туруктуу өкүлдөрдүн жубайлары, дипломаттар жана БУУнун катчылыгынын мүчөлөрү катышышты. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Нью-Йорк шаарындагы Кыргыз Республикасынын БУУдагы туруктуу өкүлү Миргуль Молдоисаева презентация жасап, анда катышуучуларга Шырдакты көркөм өнөр катары жасоо процесси, жасалгалардын семантикасы, көчмөндөрдүн күнүмдүк жашоосу жана аны жасоодо аялдардын маанилүү ролу жөнүндө тааныштырды.

Туруктуу өкүл Миргуль Молдоисаева катышуучуларга көчмөндөрдүн философиясы, адамдардын күч-аракеттерин бириктирүү жана коомдук биримдик сезимин түзүү үчүн өндүрүш процессинин маанилүү ролу жөнүндө маалымат берди. Ошондой эле, катышуучуларга шырдак жасоо процесси жөнүндө видео ролик көрсөтүлдү.

Иш-чаранын катышуучулары Кыргыз Республикасынын маданияты менен таанышкандыгы үчүн ыраазычылыктарын билдиришип, ошондой эле келечекте көчмөндөр маданияты менен түздөн-түз таанышуу үчүн Кыргызстанга келип, Шырдакка арналган фестивалдарга катышуу каалоосун билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий