• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

БУУнун Аялдар түзүмү кыз-келиндерге гигиеналык топтомдор түрүндө жардам көрсөттү

Коом 0

Бишкек, 18.05.20. /Кабар/. Кыргызстандагы Бириккен Улуттар Уюмунун гендердик теңчилик жана аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү түзүмү («БУУнун Аялдар» түзүмү) калктын аярлуу топторундагы кыз-келиндерге жардам катары, гигиеналык каражаттар топтомдорун таратты. Бул тууралуу «БУУнун Аялдар» түзүмүнүн коомчулук менен байланыштар консультанты Наргиз Кошойбекова билдирди.

Маалыматка ылайык, гигиеналык топтомдорго суулуктар, гигиеналык каражаттар, самын, порошок, дезинфекциялык каражаттар, санитайзерлер, жеке сактануу каражаттары ж.б. кирет. Жалпы жонунан, Кыргызстан боюнча 27 коомдоштукта 700 кыз-келин жардам алды.

Мындан тышкары, лидер айымдардын демилгеси жана өтүнүчү боюнча, апрель айында беткаптар, санитайзерлер, колкаптар сыяктуу сактануу каражаттары, жууп-тазалоочу каражаттар, жаш балдардын жана чоңдордун памперстери жана термометрлер таратылган. Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустарындагы 16 айылдын 2200 ашуун үй-бүлөлөрү, ошондой эле ФАПтарында, айыл штабдарында, блок-посттордо жана бейтапканаларда иштеген 366 адам жардам алышты.

Пикир

Оставить комментарий