• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

БУУнун Айыл чарба жана азык-түлүк уюму Айыл, чуу чарба министрлигине компьютерлерди тапшырды

Коом 0

Бишкек, 04.03.21. /Кабар/. БУУнун Айыл чарба жана азык-түлүк уюму (ФАО) Кыргыз Руспубликасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине заманбап үч компьютер тапшырды.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, компьютерлер министрликтен Азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн иштөө сапатын мындан ары да жогорулатуу максатында берилген.

БУУнун Айыл чарба жана азык-түлүк уюму (ФАО) Кавказ жана Борбордук Азиянын бир катар өлкөлөрүндөгү азык-түлүк коопсуздугунун потенциалын жакшыртуу максатында бул ишти ишке ашырган.

Кыргыз Руспубликасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары А. Мукашев БУУнун Айыл чарба жана азык-түлүк уюмунун Кыргызстандагы өкүлүнүн орун басары Динара Акматовага ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий