• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

БУУнун атайын баяндамачысы Өзбекстанга келет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.08.21. /Кабар/. БУУнун дин жана ишеним маселелери боюнча атайын баяндамачысы Ахмед Шахид быйыл сентябрда Өзбекстанга келүүнү пландоодо. Бул тууралуу АКШнын Өзбекстандагы элчиси Жавлон Вахабов менен Ахмед Шахиддин жолугушуусунун жыйынтыгында белгилүү болду.

Жергиликтүү агенттиктердин маалыматына караганда, Шахид техникалык көмөктөшүү программасын ишке киргизүү максатында келет.

Атайын баяндамачынын сапарынын алкагында мамлекеттик органдарга, жарандык коом жана диний уюмдарга семинарлар жана тренингдер өткөрүлөт.

Ошол эле маалда сапар учурунда адам укуктарынын индикаторлоруна негизделген улуттук системаны иштеп чыгууда кеп-кеңештер айтылат.

Пикир

Оставить комментарий