• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы КРдагы пробация институтунун өнүгүшүнө көмөктөшөт

Коом 0

Бишкек, 25.10.18. /Кабар/. Бириккен улуттар уюмунун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы Кыргызстандагы пробация институтунун өнүгүшүнө көмөктөшөт. Бул тууралуу уюмдун өкүлдөрү Абактарды натыйжалуу башкаруу боюнча Борбор-Азиялык диалогдун жүрүшүндө билдиришти.

Маалыматка ылайык, БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы түрмөдөгү радикалдаштыруунун жана зордук-зомбулуктун алдын алуу, КРдагы пробация институтун өнүктүрүү үчүн шарт түзүү жана зордук-зомбулукка радикалдаштырууну төмөндөтүү, жаза аткаруу системасын, пробация кызматын жакшыртуу максатында өкмөттү колдойт.

“Нельсон Манделанын эрежелерин сактоочу катары БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы жаза аткаруу тармагында мүчө мамлекеттерге техникалык жана эксперттик колдоо көрсөтүүгө жооптуу. Бул максатка жетүү үчүн БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы түрмө калкынын масштабын кыскартуу, кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана соттолгондорду бошотууга даярдоо боюнча калыбына келтирүү ишин уюштуруу максатында Борбордук Азиянын өлкөлөрүнө көмөктөшөт”, - деди БУУнун координатору Озонниа Ожиело.

Пикир

Оставить комментарий