• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстандагы абалга тынчсыздануусун билдирди

Коом 0

Бишкек, 07.10.20. /Кабар/. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерриш Кыргыз Республикасындагы абалга жакындан байкоо салып турат, - деп кабарлайт БУУнун КРдагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

"4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийин орун алган протесттерден улам бир адам каза табып, жүздөн ашуун адам жаракат алды деп кабарланууда. Баш катчы адам өмүрү үзүлгөн учур боюнча кайгыруу билдирет жана бардык тараптарды болушунча токтоолукка жана зомбулуктан алыс болууга чакырат. Башкы катчы бардык тийиштүү тараптарды диалогго катышып, Конституциянын чегинде кырдаалдан чыгуу багыты боюнча мунасага келүүгө чакырат. Бириккен Улуттар Уюму учурда түзүлгөн абалдан тынчтык жолу менен чыгуу боюнча бардык аракеттерди колдоого, анын ичинде БУУнун Борбор Азиядагы превентивдик дипломатия боюнча аймактык борбору аркылуу, даяр турат", - деп билдирет БУУнун башкы катчысынын басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик.

Пикир

Оставить комментарий