• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы кыргыз дыйкандарынан базар баасында буудай сатып алды

Экономика 0

Бишкек, 04.02.20. /Кабар/. Кыргызстандагы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы өлкөдөгү кирешеси төмөн дыйкандардан алгачкы ирет базар баадагы наркта буудай сатып алды.

Демилге БУУнун дүйнө курулуш фонду жана КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин колдоосу менен ишке ашкан.

"Жергиликтүү дыйкандардын мүмкүнчүлүктөрүн жана укуктарын кеңейтүү" атындагы пилоттук долбоордун алкагында БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Ош облусунун кирешеси төмөн болгон 100дөн ашык дыйкандан буудайды базар баадагы наркта сатып алган.

"Бул өз учурунда дыйкандардын түшүмүнүн көбөйүшүн жана азык-түлүк коопсуздугун жакшыртты", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий