• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айыл чарба министри: Быйыл Кыргызстанда суу тартыш болот

Коом 0

Бишкек, 03.05.20. /Кабар/. Быйыл Кыргызстанда суу тартыш болот. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.

Ал дыйкандарга кайрылып, учурдагы кырдаалга байланыштуу азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн быйыл бир да жерди калтырбай өлкө үчүн керектүү өсүмдүктөрдү тигүүгө чакырды.

"Үч маселеге токтоло кетсем. БУУнун жана башка дүйнөлүк эксперттердин айтымында, дүйнө жүзүндө ачкачылык, ачарчылык болушу мүмкүн деген кооптонуулар бар. Ошондуктан бир да сотук жерди таштабай, өзүбүзгө керектүү болгон буудайды, май өсүмдүктөрүн жана башка өсүмдүктөрдү тигүүгө чакырам. Буга жергиликтүү бийлик көп көңүл бурушу керек", - деди ал.

Анын айтымында, экинчи маселе – суунун тартыштыгы.

"Быйыл суу тартыштыгы байкалат. Ар бир литр сууну үнөмдүү пайдалансак. Сиздерди тамчылатып сугаруу, күнөсканаларды колго алат деп ойлойм", - деди ал.

Аны менен бирге ал, дыйкандарды "Айыл чарбасын каржылоо-8" долбоорунун алкагында берилген жеңилдетилген насыяларды алууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий