• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

БУУнун өкүлү: Өзбекстан жарандарынын диний сабаттуулугун жогорулатышы керек

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 31.10.17 /Кабар/. БУУнун дин эркиндиги боюнча атайын баяндамачысы Ахмед Шахид Өзбекстан өкмөтү учурдагы багытын карманса, өлкөдө олуттуу өзгөрүүлөр болушу мүмкүндүгүн билдирди. Бул тууралуу ал быйыл октябрда Өзбекстанга болгон он күндүк сапарынын жыйынтыктары боюнча БУУнун радиосуна берген маегинде айтты.

«Өзбекстанда жеке диний эркиндик дээрлик жок. Дээрлик деп айтканымдын себеби — өлкөдө ар бир адам каалаган динге өтө алат. Бирок кайсыл бир динди тутунуу үчүн каттоодон өтүү зарыл экен», – деди Ахмед Шахид.

Анын пикиринде, коммунисттик башкаруу жылдарында Өзбекстанда диний демилгелер менен башталыштар чоң басымдарга дуушар болуп, андан улам дин тармагындагы интеллектуалдык ресурстар дээрлик толугу менен жок болгон.

«Өлкөдө диний сабаттуулукту калыбына келтирүү зарылдыгы бар. Азырынча Өзбекстан диний темалар боюнча ачык талкууларды өткөрүүгө даяр эмес. Бирок кылмыш чаралары эмес, дал ушундай ачык талкуулар экстремисттик идеялар үчүн «чыпка» болушу мүмкүн», – деди БУУнун атайын баяндамачысы.

Ахмед Шахид дайыма укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө болуп келген 16 миң мусулманды «кара тизмеден» чыгаруу тууралуу Өзбекстан өкмөтүнүн чечимин кубаттады. Бирок ал ошол эле маалда бийликти улуттук мыйзамдарды Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пакттын ченемдерине тууралоого чакырды.

Пикир

Оставить комментарий