• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

БУУнун Коопсуздук Кеңеши дүйнөлүк коомчулуктун ишенимин артка кайтара алабы?

Саясат 0

Акыркы жылдары Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши дүйнөлүк коомчулуктун ишенимин бир топ жоготту. Буга Сирия жана Украинада бир нече жылдан бери уланып жаткан согуштук аракеттер дагы себепкер десек болот. Анткени, дүйнөдө тынчтык орнотууга түзмө-түз жоопкер негизги уюм бул багытта алсыз болуп жатканы айкын көрүнүп турат. Айрыкча КМШ жана Борбор Азия өлкөлөрүндө аталган уюмга ишеним артуу төмөнкү деңгээлге түшүп кеткен. Бирок кырдаал жакшырышы мүмкүн. Себеби коңшу Казакстан мамлекети аталган уюмга бир ай төрагалык кылуу учурунда Борбор Азия аймагына тийиштүү бир топ маселелерди көтөрүп чыкты. Мунун ичинде Борбор Азия гана эмес, Кытай, Орусия жана бүтүндөй Евразия чөлкөмүнүн коопсуздугу үчүн зор мааниге ээ Ооганстандагы абалды жөнгө салуу маселеси дагы бар.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев айтып чыккантемалардүйнөнүн башка өлкөлөрүнүн дагы кызыгуусун жаратты. Биринчи кезекте бул ядролук коопсуздук. Муну менен Казакстан БУУнун Коопсуздук Кеңешинин негизги милдети болгон бүткүл дүйнөдө тынчтык орнотуу миссиясына дал келе турган террорчулукка биргелешип каршы туруу саясатын көрсөтө алды.

Буга чейин эле аталган өлкө Орусия менен Түркия мамлекеттеринин ортосундагы чыр-чатактарды жана сириялык каатчылыкты жөнгө салуу жаатында өзүн көрсөтө алгандыгын чет элдик серепчилер айтып келишет. Нурсултан Назарбаевдин айтымында, Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен биринчилерден болуп Бүткүл дүйнөлүк уюмдун Коопсуздук Кеңешинетөрагалык кылуу менен Казакстан аталган аймакта жашаган бүтүндөй элдин«үнү» боло алганын айтат.

Рейна Досалиева

Пикир

Оставить комментарий