• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

БУУнун Коопсуздук кеңеши Ирандагы кырдаалды талкуулайт

Дүйнө 0

Бишкек, 05.01.18 /Кабар/. БУУнун Коопсуздук кеңеши АКШнын демилгеси менен өтчү жума күнкү кезексиз жыйынында Ирандагы кырдаалда талкуулайт.

АКШнын бул демилгесине Москва каршылыгын билдирүүдө.

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков муну «зыяндуу жана туруксуздук орнотуучу» сунуш деп атады. Анын айтымында, Ирандагы окуялар ал өлкөнүн ички иши болуп эсептелет.

Күн мурун Иран бийлиги БУУнун баш катчысы менен Коопсуздук кеңешине кат менен кайрылган. Анда АКШны "эл аралык укуктарды бузууга жана Ирандын ички иштерине кийлигишүүгө" айыптаган. «АКШнын президенти жана вице-президенти «Твиттердеги» билдирүүлөрүндө Ирандын жарандарын башаламандык акцияларына тукурушту» деп жазылган катта.

Дональд Трамп Ирандын бийлигин «катаал жана коррупциялашкан» деп атап, өлкө жетекчилигин бир канча жолу сындаган. Ошол эле маалда АКШ администрациясынын өкүлдөрү Ирандагы нааразылыктар күтүүсүз башталганын жана сырткы күчтөр таасир этпегенин белгилөөдө. Мамлекеттик департамент иран бийлигинин демонстранттарга карата зомбулугун айыптады.

Иранда нааразылык акциялар бир жумадан бери уланууда. Алгач экономикалык ураандар менен башталган демонстрацияларда тез эле өлкө жетекчилигине жана учурдагы режимге каршы саясий талаптар айтыла баштады. Бийлик нааразылык акцияларына сырткы күчтөрдү айыптоодо. Демонстрациялар башталгандан бери мерт болгондордун саны 20дан ашып, жүздөгөн кишилер камалды.

Пикир

Оставить комментарий