• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

БУУнун КРдагы Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы 2016-жылга карата өлкөдөгү баңги кырдаалы боюнча жылдык баяндама жасады

Коом 0

Бишкек, 3-март /Роман Гайнанов – Кабар/. БУУнун Кыргызстандагы Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын программалык кеңсеси КР ИИМдин баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматы менен биргеликте 2016-жылга карата Эл аралык баңгизаттарын көзөмөлдөө комитетинин баяндамасын сунуштады.

Жылдык баяндамада мамлекеттерге баңги көйгөйлөрүн чечүүдө натыйжалуу чараларды кабыл алууга көмөктөшүүгө чакырган, дүйнөдөгү баңгизаттарын көзөмөлдөө жаатынын абалын талдоо камтылган.

“Эл аралык баңгизаттарын көзөмөлдөө комитети баңгизаттарын, психотроптук заттарды жана прекурстарды айлантууну көзөмөлдөө багытында иштеген маанилүү эл аралык орган болуп саналат. Өлкөлөр тарабынан БУУнун конвенцияларынын милдеттемелеринин ишке ашырылышын, дүйнөлүк баңги кырдаалынын өнүгүү тенденцияларын дыкат изилдеп турабыз. Келечек пландарды түзүү, аракеттерди баалоодо, ошондой эле сабаттуу жана натыйжалуу башкаруу чечимдерин кабыл алууда бул комитеттин сунуштамалары зарылдыгын белгилеп кетүү керек”, - деди КР ИИМдин баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматынын жетекчиси Азамат Араев.

БУУ Кыргызстандагы БКБнын Программалык кеңсесинин башчысы Александр Федуловдун айтымында, бул баяндама баңгизаттарын көзөмөлдөө тармагынын заманбап жагдайы тууралуу актуалдуу маалыматтарды камтыйт. “Сунуштамалар мамлекеттерге баңгизаттарын мыйзамсыз айлантуу маселелерин таасирдүү чечүү чараларын кабыл алууга көмөктөшүүгө багытталган”, - деп жыйынтыктады ал.

Укук коргоо органдарынын, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Америкалык юристтер Ассоциациясынын, эл аралык жана донордук уюмдардын, бейөкмөт уюмдардын 40тан ашуун өкүлү баңгизатын айлантуу боюнча маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий