• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

БУУнун Өнүктүрүү программасы Кыргызстанга коронавируска каршы күрөштө жардам көрсөтөт

COVID - 19 0

Бишкек, 08.04.20. /Кабар/. БУУнун Өнүктүрүү программасы коронавирус менен ооругандарды дарылап жаткан дарыгер жана медайымдарга керектүү жеке коргонуу каражаттарын жеткире баштады. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы мекемесинин расмий сайтында айтылат.

Маалыматка ылайык, алгачкы жардам катары 50 миң беткап жана 2 миң респиратор берилген. Жакынкы арада БУУнун Өнүктүрүү программасы 10 жасалма дем алуу аппаратын жана 6 миң 500 тест берет. Жардамдын жалпы суммасы 500 миң доллар.

"Андан тышкары ушул жылдын апрель айында Россиянын колдоосу менен биргелешкен программанын алкагында БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 1 миң тоннага жакын азык-түлүк жардамын жеткирет. 30,5 миңден ашык үй-бүлө байытылган буудай уну жана өсүмдүк майынан (бир үй-бүлөгө 150 кг буудай жана 15 литр май) турган үч айлык азык алышат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий