• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

БУУнун штаб-квартирасында "Согуш талаасындагы аялдар" көргөзмөсү ачылды

Коом 0

Бишкек. 07.05.19 /Кабар/. Бириккен Улуттар уюмунун Нью-Йорк шаарындагы штаб-квартирасында Жеңиш күнүнө арналган "Согуш талаасындагы аялдар" деп аталган фото көргөзмөсү ачылды.

Көргөзмө адамзаттын эң трагедиялуу мезгилиндеги аялдардын орду жана ролун көрсөтүүгө багытталган. Сүрөттөрдө фронтто эркектер менен катарда согушуп жүргөн жана тылда эмгектенген советтик аялдардын образдары чагылдырылган.

Сүрөт көргөзмөнүн ачылышына БУУнун Башкы катчысы Антонио Гутерреш катышты. Ал өз сөзүндө "дүйнөлүк согуштун тарыхы – аялдардын дагы тарыхы", - деп баса белгиледи.

"Бул экспозиция – аялдардын эрдигинин жана баатырдыгын айгинелеп турат", - деди Антонио Гутерреш.

Улуу Жеңиш күнүнө арналган көргөзмө Азербайжандын, Армениянын, Беларусиянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий