• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

БУУнун Женева бөлүмүндө Нооруз майрамы белгиленди – ТИМ

Маданият 0

Бишкек, 23-март /Кабар/. БУУнун Женева бөлүмүндө 12 мамлекеттин, анын ичинде Кыргызстандын уюмга караштуу туруктуу миссиялары биргеликте эл аралык Нооруз майрамын белгилешти. Бул тууралуу КР ТИМ басма сөз катчысы билдирди.

3 миңден ашык адам келген иш-чарага Кыргызстандын Туруктуу өкүлчүлүгү ар түрдүү улуттук тамак-аштарды даярдаган. Ошондой эле, келгендер өлкөбүздүн экономикалык жана туристтик мүмкүндүктөрүн жарнама кылган материалдар менен таанышып чыгышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө БУУнун Женева бөлүмүнүн башкы директору М.Моллер сөз сүйлөп, бул майрамды белгилеген бардык мамлекеттерди куттуктап, анын БУУнун Башкы Ассамблеясынын 2010-жылдын 23-февралындагы резолюциясында 21-март “Эл аралык Нооруз майрамы” деп көрсөтүлгөн дүйнөлүк маданий маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий