• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бузуку күчтөргө бөгөт коюуга биргелешип аракет кылышыбыз керек - С.Жээнбеков

Аймак 0

Бишкек, 10-июнь /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Топурак-Бел участкасында (Санпа) бүгүн, 10-июнда, 2010-жылдагы июнь окуяларында каза болгондорду эскерүү боюнча иш-чара өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өз сөзүндө Өкмөт башчы өткөндөн сабак алып, өлкөдө улуттар аралык тынчтыкты, биримдикти сактоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Биз баарыбыз кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн болушу Кыргызстандын көп улуттуу элинин биримдигисиз мүмкүн эмес экенин түшүнүүбүз зарыл. Ушундай жол менен биз Кыргызстандын алдында турган бардык кыйынчылыктарга туруштук бере алабыз. Кыргызстандын эли терең кайгыруу менен, 2010-жылы бул трагедиялуу окуянын кесепетинен жабыр тарткан бардык адамдардын азасын тең бөлүшөт. Июнь окуясы ар бир жарандын жүрөгүндө жана өлкө тарыхында кара так калтырды. Биз экстремизм жана башка коркунучтарды өнүктүрүүгө жол бербөө үчүн бузуку күчтөргө бөгөт коюуга биргелешип аракет кылышыбыз керек», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчы мекендештерди улуттар аралык ынтымакты бекемдөөдө боорукер болууга чакырды. Ал толеранттуулук биримдик жана сабырдуулук сыяктуу түшүнүктөрдү жаш кезинен баштап балдардын аң сезимине сиңирүү керектигин жана бул баарыбыздын милдетибиз экенин билдирди.

2010-жылдагы каза болгондорду эскерүү иш чарасынын катышуучулары — Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, айыл чарба тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев, жергиликтүү тургундар жана трагедиялуу окуяда каза болгондордун туугандары, июнь окуясында каза болгондордун мемориалдык эстелигине (Санпа) гүл чамбар коюп, маркумдардын арбагына багыштап куран окушту.

Пикир

Оставить комментарий