• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бузуулар жөнүндө кодекс: Баардык бузуунун эскирүү мөөнөтү бар, ал өткөндөн кийин жаранга айып тага алышпайт

Коом 0

Бишкек, 16.01.19. /Кабар/. Ар бир бузуунун эскирүү мөөнөтү бар. Ал өткөндөн кийин ыйгарым укуктуу органдар жаранга эч айып тага алышпайт. Бул тууралуу Коррупцияга каршы жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын прокурору Рамазан Ибраимов "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйыны учурунда билдирди.

Анын айтымында, жаңы кодекстерге ылайык, баардык бузуулардын эскирүү мөөнөтү бар. Маселен адам бир бузуу жасап ага кийинки алты ай аралыгында санкция берилбесе, анда эскирүү мөөнөтү түшүнүгү иштей баштайт. Андай учурда ыйгарым укуктуу органдар ага эч айып тага алышпайт.

Аны менен катар айып түрүндө жаза бузуу болгон күндөн алты ай өтө электе, бузуу улантылган учурда ал аныкталган мезгилден тарта алты ай аралыгында колдонулат.

Бузууну жасаган адам ыйгарым укуктуу органдардан качып жүргөн учурда эскирүү мөөнөтүнүн өтүшү токтотулат. Эскирүү мөөнөтүнүн өтүшү бузууну жасаган адам табылгандан тарта жанданат. Ал учурда туум эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий