• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бузуулардын бирдиктүү реестринин бет ачары болду

Коом 0

Бишкек, 21.12.18. /Кабар/. Чүй облустук ишке иштер башкармалыгында бузууулардын бирдиктүү реестринин бет ачары болду. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын ачылышында ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов бул тутум коррупциянын деңгээлин азайтаарын белгиледи.

“Бузууларды каттоонун электрондук тутуму каралып жаткан иштин ачык-айкындуулугун камсыздап, бүтүндөй мамлекеттик башкаруунун тутумундагы коррупциянын деңгээлин төмөндөтөт. Бузуулардын бирдиктүү реестрин ишке киргизүү боюнча тиешелүү иш-чаралар толук көлөмдө ишке ашырылды”, - деди ал.

Ошондой эле К. Асанов 2019-жылы жаңы кодекстер иштеп баштаарын, ички иштер органдарынын кызматкерлери алар боюнча окуудан өтүп, зачет тапшырганын айтты.

Келерки жылдын 1-январында күчүнө кире турган жаңы кодекстерди натыйжалуу ишке ашыруусуна Өкмөт тарабынан 84 млн. 274 миң 326 сом бөлүнгөн. Ал каражат сурак жүргүзүү кабинеттерин үн жана видео жазуу каражаттары менен камсыздоо, жабдууларга тиешелүү кызматтарды сатып алуу, инфраструктура түзүүгө жана башкаларга жумшалган. Бүгүнкү күндө тергөө бөлмөлөрүн жабдуу үчүн 618 компьютер, 618 көп багыттуу жабдуу жана 386 камера менен алынып, орнотулган. Ошондой эле 137 компьютер жана бир кубаттуу сервер алынган.

Пикир

Оставить комментарий