• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бычак менен коркутушкан. Бишкекте көчөдөгү адамга кол салгандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.01.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматкерлери бычак менен коркуткан жаранды кармады.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, күн мурун, 10-январда болжол менен саат 21:00 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Алтымышов көчөсүнөн балдар уруп жатат деген маалымат түшкөн.

Айтылган дарекке келген милиция кызматкерлерине 1992-жылы туулган А.М аттуу жаран арыз менен кайрылган.

"Болжол менен саат 20:50 чамасында белгисиз эки жаран арыз ээсин уруп, денесине зыян келтирген. Ошол эле убакта бычак менен коркутушкан. Жазылган арыздын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам кармоо иш-чараларын уюштуруп, кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган Т.А жана 1985-жылы туулган Т.М. аттуу жарандарды кармап, Ленин райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен", - деп айтылат маалыматта.

Бул факты Ленин райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий