• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бычак менен сайган. Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелип 61 жаштагы аял кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.01.21. /Кабар/. Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелип 61 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 25-январда милицияга Каракум көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде кишиге бычак сайылды деген билдирүү келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келишкен. Маалым болгондой, 1980-жылы туулган Б.В. аттуу жаран бычактан алган жараатынан улам 4-ооруканага жеткирилген. Көп өптөй алган жараатынан улам каза болуп калган.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери кылмышка шектүү катары 1959-жылы туулган Б.Т. аттуу аялды кармап, Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Бул факты боюнча Биринчи май райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 130-беренесинин ("Киши өлтүрүү") негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Пикир

Оставить комментарий