• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Эхо Москвы" радиосунун бычак жеген журналисти реанимацияда

Дүйнө 0

Бишкек, 24.10.17 /Кабар/. "Эхо Москвы" радиостанциясынын журналисти Татьяна Фельгенгауэр реанимацияда жатат. Бул тууралуу радиостанциянын башкы редактору Алексей Венедиктов билдирди.

“Эхо Москвы” радиосунун журналисти Татьяна Фельгенгауэрди 23-октябрда редакцияга кирип келген белгисиз адам бычак менен моюнга сайган.

Дарыгерлер ооруканага жеткирилген журналисттин абалы туруктуу оор экенин, өмүрүнө коркунуч жоктугун билдиришүүдө.

Россиянын Тергөө комитети кылмыш ишин козгоду. Алдын ала маалыматтар боюнча кол салган 48 жаштагы Борис Гриц кармалып, сурак берүүдө.

Россиянын Журналисттер биримдиги бул окуяны “сөз эркиндигине чабуул” катары баалады. Европа Кеңешинин башкы катчысы Турбьорн Ягланд болсо кол салууну тезинен иликтөөгө чакырды. Ал журналисттер коркутуп-үркүтүү жана кыйноолордун курмандыгы болбой, өз иштерин эркин аткаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керектигин кошумчалады.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий