• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Быйыл чарбакер субъектилерде 219,4 миң тонна эт тирүүлөй салмакта өндүрүлдү

Экономика 0

Бишкек, 19.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын отчеттук мезгилинде республикадагы бардык категориядагы чарбакер субъектилерде 219,4 миң тонна эт тирүүлөй салмакта өндүрүлдү. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Тактап айтканда, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эт 3 миң 490 тонна, же 1,6 пайызга көп өндүрүлгөн. Эт өндүрүүнүн көбөйүшүнүн эң негизги себеби малдын санынын көбөйүшү менен байланыштуу.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2021-жылдын 1-январына карата республикада ири мүйүздүү малдын саны 35 миң башка көбөйүп, 1 миң 715,7 түздү. Кой жана эчкинин саны 11,9 миң башка көбөйүп 6 миң 278,7 башты түздү. Жылкынын саны 17,0 миң башка көбөйүп 539,6 миң башты түздү. Ал эми чочколордун саны 5,2 миң башка азайып 29,4 миң башты түздү жана үй канаттуулардын саны 140,7 миң башка азайып 6 миң 70,4 башты түздү.

Белгилей кетчү нерсе, 2021-жылдын январь-июль айларында республиканын бардык облустарында эт көп өндүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий