• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Быйыл 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнү салтанаттуу түрдө өткөрүлбөйт - Жалал-Абаддын башчысы

Аймак 0

Бишкек, 21.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Быйыл 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнү салтанаттуу түрдө өткөрүлбөйт. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов брифингде билдирди.

Анын айтымында, балдар үчүн оюн-аянттары, сейил бактар иштебейт.

"Ал эми мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга онлайн түрүндө сүрөт тартуу жана оюн-зооктор уюштурулат. Биз кырдаалга байланыштуу балдарга майрамдык маанай тартуулай албаганыбыз үчүн кечирим сурайбыз”, - дейт Мирзахмедов.

Эскерте кетсек, 11-майдан тарта Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин киргизилген. Санитардык-карантик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин иштей берет. Бир облустан экинчисине өтүү боюнча киргизилген чектөө күчүндө калат, көзөмөл күчөтүлөт.

Кыргызстанда 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими сакталууда.

Пикир

Оставить комментарий