• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Быйыл 10 айда Кыргызстан сыртка 14,7 тоннага жакын алтын экспорттогон

Экономика 0

Бишкек, 23.11.20. /Кабар/. Быйыл 10 айда Кыргызстан сыртка 14 тонна 604,5 килограмм алтын экспорттогон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйыл 10 ай ичинде Кыргызстан 19,5 тонна алтын өндүргөн.

“Жыл башынан бери Кыргызстан Улуу Британияга 807,7 млн долларга 14,6 тонна алтын, Түркияга 42,7 миң долларга 4,5 килограмм алтын экспорттогон”, - деп билдирет Статистика комитети.

Пикир

Оставить комментарий