• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Быйыл 10 айда Кыргызстанда азык-түлүк баалары 9,6%га өскөн

Экономика 0

Бишкек, 13.11.20. /Кабар/. Быйыл январь-октябрь айларында (2019-жылдын декабрь айына салыштырмалуу) өлкө боюнча керектөөчү баалар 5,3%га өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Ошол эле учурда азык-түлүк менен алкоголсуз суусундуктардын баасы 9,6%га, ичимдиктер менен тамеки продукциясы 5,8%га, кызмат көрсөтүү 1,7%га жана азык-түлүк эмес товарлардын баалары 0,5%га кымбаттаган.

Баалардын кымбатташынын эң жогорку көрсөткүчү Талас облусунда белгиленген (8,5%га). Ал Талас облусунда азык-түлүк менен алкоголсуз суусундуктардын баасынын 16,6%га кымбатташы менен шартталган.

Пикир

Оставить комментарий