• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Быйыл 10 муниципалдык МТСти ишке киргизүүнү пландап жатабыз – Айыл чарба министри

Коом 0

Бишкек, 11.04.02. /Кабар/. Бүгүнкү күндө республикада 90 машина-трактор станциялары (МТС) иш алып барууда. Быйыл дагы он муниципалдык МТСти ишке киргизүүнү пландап жатабыз. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.

Анын айтымында, айыл чарба техникаларынын ремонту боюнча иштер алдыга жылган. Бирок, жазгы талаа жумуштары жүргөн жерлерде техникалардын тетиктерин табуу оорчулук жаратууда деген билдирүүлөр келип түшүүдө. “Биз бул боюнча бардык чараларды көрүп жатабыз. Колубуздан келишинче шарттарды түзгөнгө аракет жасоодобуз”, - деп баса белгиледи ал.

Чодуев кошумчалагандай, бүгүнкү күндө министрликте түз байланыш телефону иштеп жатат. “0701 88 10 08 номери аркылуу дыйкандар үрөн, жер семирткичтер, айыл чарба техникаларынын тетиктери тууралуу суроолого жооп ала алышат” , - дейт министр.

Пикир

Оставить комментарий