• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Быйыл 12 миңге жакын аз камсыз болгон үй-бүлө жумуш акысына азык-түлүк алды

Коом 0

Бишкек, 27.12.18. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылы Кыргызстан боюнча 11 миң 700 аз камсыз болгон үй-бүлө жумуш акысынын ордуна азык-түлүк алды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйыны учурунда билдирди.

Анын айтымында, аз камсыздалган үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү макссатында “Жумуш акысына азык-түлүк берүү” аттуу ири долбоор ишке ашырылууда. 2018-2020-жылдардагы бул долбоордун алкагында өлкө боюнча ун, өсүмдүк майы түрүндөгү азык-түлүк жардамын 63 миң 700 киши же 11 миң 700 аз камсыз болгон үй-бүлө алган.

Ошондой эле 5 шаарда – Баткен, Жалал-Абад, Ош, Нарын, Таласта 50 коомдук пайдалуу долбоорлор ишке ашырылып, анын алкагында 8,5 миң кишиге 11 млн. сом бөлүнгөн. Ошол эле учурда бул долбоорлордун 1 миң 300ү аз камсыз болгон үй-бүлөгө жардамы тийген.

Пикир

Оставить комментарий