• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Быйыл 12 миң жаран мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды алышты

Коом 0

Бишкек, 18.10.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2022-жылы 12 миң 459 жаран мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды алышты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылга салыштырмалуу акысыз укуктук жардам алган жарандардын саны 35 пайызга көп болду.

“Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам борбор болуп иштесе, 7-октябрдан баштап аны кызмат кылып өзгөрттүк. Штаты 25ден 62 адамга көбөйдү. Буга чейин облустун борборлорунда иштесе, эми ар бир райондо биздин координатор болот. Ал жарандарга акысыз укуктук жардам берүү үчүн саат 9:00дөн 18:00гө чейин жумуш ордунда болот”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий