• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Быйыл 156 миңден ашык бала биринчи класска барат - Билим берүү министрлиги

Коом 0

Бишкек, 21.08.19. /Кабар/. Бул жылы 156 миңден ашык бала биринчи класска барат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкекте биринчи класска 22 миң 981 бала барса, Ош шаарында – 11 миң 69, Ош облусунда – 22 миң 210, Нарын облусунда – 13 миң 982, Ысык-Көл облусунда – 15 миң 182, Жалал-Абад облусунда – 25 миң 257, Баткен облусунда – 11 миң 443, Чүй облусунда – 23 миң 600, Талас облусунда – 10 миң 540 бала.

Министрликтен белгилешкендей, бул жылы 1-11-класстарда окуган балдардын саны 1 млн. 268ге жетет.

Акыркы 5 жылда шаарларда мектеп окуучуларынын саны 25%га, айыл жергесинде 14%га өскөн.

Өлкө боюнча мектептердин саны 2 миң 265ти түзөт.

Пикир

Оставить комментарий