• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Быйыл 2 миллион козу жана 4-5 айлык токтулар эмделет

Коом 0

Бишке, 9-июнь /Мирлан Киизбаев – Кабар/. Бруцеллезго каршы вакцина жүргүзүү иши республика боюнча бүгүнкү күнгө карата 40%га бүткөрүлдү. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн алдындагы ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Жаныбарлардын ден соолугун көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Мурат Абдраев билдирди.

Республика боюнча 2017-жылга 2 млн быйылкы жылы туулган 4-5 айлык козу- токтуларды эмдөө планга киргизилген. Бруцеллезго каршы эмдөө жылда бир жолу 4-5 айлык козу-токтуларга жүргүзүлүп, малдын иммунитети төрт жылдан жогору сакталат.

«Жылдын жай айлары болгон июнь менен август эң оптималдуу мезгил. Учурда 40% бүттүк, алдыда дагы убактыбыз бар. Андыктан үлгүрөбүз», – дейт М.Абдраев.

«Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү – 1» долбоорунун алкагында 2017-жылга 2 млн РЕВ-1 вакцинасы жалпысынан 143 миңден ашуун АКШ долларына сатылып алынган.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө ар бир ветеринар өзүлөрүнүн бөлүнгөн территориясында бекитилген планга жараша иш алып барып жатышат. Бруцеллезго каршы РЕВ-1 вакцинасы жылдын башында эле, ар бир районго атайын муздактыкты сактаган автоунаалар менен жеткирилип берилип, жер-жерлерде бруцеллезго каршы көзгө тамчылатуу ыкмасы менен эмдөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Бруцеллез боюнча Көпчүлүк жерде, бруцеллезго каршы эмдөө жүргүзүүдө, мал баккан адамдарга жазында элдин малын алып жатканда ветеринарлар бруцеллезго каршы эмдөө иштерин жүргүзөм деп айтып койгондуктан, эл акчасын камдап ошол бакмачыга берип коюшат.

«Натыйжада жеке ветеринарлар эмдөө иштерин элдин чогулган малын жайлоодо жүргүзгөндүктөн, тез эле бүтүп коюшат. Белгилей кетүүчү нерсе, долбоордун алкагында 2009-жылдан бери ветеринардык дарыгерлердин бруцеллезго каршы эмдөө иштеринин натыйжасында жана элдин арасына түшүндүрүү иштеринин жакшы жүрүшүнүн натыйжада адамдардын арасында бруцеллез оорусу беш эсеге түштү», - дейт М.Абдраев.

Пикир

Оставить комментарий