• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Быйыл 2019-жылга караганда пневмония менен ооруган балдардын саны 2 эсе аз - министрлик

Ден соолук 0

Бишкек, 28.09.20. /Кабар/. Быйыл 2019-жылга караганда пневмония менен ооруган балдардын саны 2 эсе аз. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Медициналык жардам жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башчысы Нургүл Ибраева билдирди.

Анын айтымында, 1-сентябрга карата Кыргызстанда 14 жашка чейинки балдар арасында коронавирус жуктурган 1 миң 254 учур катталган.

"Алардын ичинде 1 жашка чейинки балдар арасында 123 учур, 1-6 жаштагылар арасында - 434, 6-14 жаштагылар арасында 697 учур катталган", - деди ал.

Ал белгилегендей, былтыр 1-сентябрга карата 1 миң 568 бала пневмония менен ооруган.

"Бул жылы пневмония менен ооруган балдардын саны 2 эсе аз", - деди ал.

Ал өлкө боюнча кичинекей балдарды (өспүрүмдөрдү) кабыл алуу үчүн 2 миң 356 орун даярдалганын айтып өттү.

Пикир

Оставить комментарий