• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Быйыл 3 айда Кыргызстанга 9 миң тонна куш эти алынып келди – Чодуев

Коом 0

Бишкек, 03.05.20. /Кабар/. Быйыл 3 айда Кыргызстанга 9 миң тонна куш эти алынып келди. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.

"Биз бир нече мамлекеттен тоок этин сатып алабыз. ЕАЭБ Кыргызстанга берген квота 58 миң тоннаны түзөт. Быйыл 3 айда ар кайсы өлкөлөрдөн, анын ичинен ЕАЭБ өлкөлөрүнөн 9 миң тонна алынып келди", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий