• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Быйыл 3 айда "Түндүк" системасы аркылуу 25 миллиондон ашык транзакция жасалды – Догоев

Коом 0

Бишкек, 04.04.20. /Кабар/. Быйылкы жылдын 3 айынын жыйынтыгы менен "Түндүк" мекемелер аралык өз ара байланыш системасы аркылуу 25 миллиондон ашык транзакция жасалды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев билдирди.

Ошол эле учурда 2018-жылдын сентябрь айынан 2019-жылдын декабрь айына чейин жалпы 24 млн транзакция аткарылган.

"2020-жылдын биринчи чейрегинин жыйынтыгы менен транзакциялардын жалпы көлөмү – электрондук форматта мамлекеттик органдар ортосунда, мамлекеттик органдар жана жеке уюмдар, мекемелер арасында болгон документ жүгүртүүнүн көлөмү – 25 миллиондон ашкан. ", - деди Догоев.

2020-жылдын биринчи чейрегинде 25 млн транзакциянын ичинен 14 миллиону мамлекеттик органдардын ортосунда жана 11 миллиону мамлекеттик органдар менен коммерциялык уюмдар ортосунда болгон.

Пикир

Оставить комментарий