• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Быйыл 4 айда Чүй облусунда экономиканы өнүктүрүүгө дээрлик 2 млн сом инвестиция тартылган

Экономика 0

Бишкек, 05.06.20 /Кабар/. Быйыл 4 айда Чүй облусунда экономиканы өнүктүрүүгө 1 млн 996 миң сом инвестиция тартылган. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлүнүн орун басары Светлана Волкова билдирди.

Анын айтымында, ал каржылардын негизги булагы калктын каражаттары − 1 млн 465,8 миң сом же 73,4%ы.

“Түз инвесициялар 300 млн сомду, ишканалардын каражаттары 132 млн сомду түздү. Алардын негизги бөлүгү турак жай курулуш, соода, кен казып алуу, электр энергиясы жана газ менен камсыз кылуу, кайра иштетүү өнөр жай тармактарына жумшалды”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий