• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Быйыл 4 айда мамлекеттик карызды төлөөгө 12 млрд 561 млн сом сарпталды – Каржы министрлиги

Экономика 0

Бишкек, 16.05.20. /Кабар/. 2020-жылдын январь-апрель айларында мамлекеттик карызды тейлөөгө республикалык бюджеттен 12 млрд 561 млн сом сарпталды. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, 12 млрд 561 млн сомдун ичинен 5 млрд 833,9 млн сом мамлекеттик тышкы карызды, 6 млрд 727,1 млн сом мамлекеттик ички карызды төлөөгө сарпталган.

Мамлекеттик тышкы карыз:

- Негизги сумма – 3 млрд 936,5 млн;

- Пайыздары – 1 млрд 897,4 млн.

Бардыгы: 5 млрд 833,9 млн сом

Мамлекеттик ички карыз:

- Негизги сумма – 5 млрд 370,8 млн;

- Пайыздары – 1 млрд 356,3 млн.

Бардыгы: 6 млрд 727,1 млн

Пикир

Оставить комментарий