• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Быйыл 4 турдун жыйынтыгы боюнча гранттык окутууга 5 миң 12 абитуриент кабыл алынды

Билим 0

Бишкек, 21.08.20. /Кабар/. Быйыл жогорку окуу жайларына өтүү боюнча 4 турдун жыйынтыгы менен гранттык окутууга 5 миң 12 абитуриент кабыл алынды. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова брифингде билдирди.

Анын айтымында, ЖОЖдордун акы төлөө менен келишим боюнча окууга 18 миң 87 абитуриент өттү.

“Жаңы окуу жылына даярдануу жана эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен коронавирус инфекциясынын жайылышынын тобокелдиктерин минималдаштыруу максатында 2020-2021-окуу жылындагы окуу процессин онлайн режиминде жүргүзүү чечими кабыл алынган”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, 2020-2021-окуу жылынын биринчи чейрегинде менчик формасына карабастан республиканын бардык жалпы билим берүү уюмдарында 2-11-класстарда окутуу дистанттык түрдѳ ѳтѳт. Ал эми 1-класстын окуучулары салттуу негизде санитардык нормаларды сактоо менен билим алышат.

Пикир

Оставить комментарий