• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Быйыл 457,8 миң транспорт каражаты текшерилип, 14 млн сомго айып салынды — Айтиев

Коом 0


Бишкек, 28.12.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2021-жылдын 11 айында департамент тарабынан 457 миң 840 транспорт каражаты текширилди. Ал 2020-жылга салыштырмалуу 28 пайызга көп. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Автомобиль, суу транспорту жана салмак-габаритти контролдоо департаментинин директору Шухрат Айтиев билдирди.

Анын айтымында, текшерүүнүн жыйынтыгында салмак-габарит жана башка бузуулары үчүн 14 млн 248 миң сомдон ашык каражатка айып пул салынды. Ал өткөн жылга салыштырмалуу эки эсеге өстү.

“Жалпы транспорттук көзөмөлдүн ишмердүүлүгүнөн республикалык бюджетке 31 млн 602 миң 103 сом түштү”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий