• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Быйыл 69 мектептин курулушун бүткөрүү пландалууда - Кокочаров

Коом 0

Бишкек, 28.08.20. /Кабар/. Быйыл 69 мектептин курулушун бүткөрүү пландалууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Кокочаров билдирди.

Анын айтымында, бирдиктүү депозиттик эсепке түшкөн каражаттын эсебинен 15 мектептин курулушу жүрүп жатат. Быйыл октябрь айына карата 3 мектептин курулушу аяктайт.

"Калган 12 объекттин курулушун 2021-жылдын апрель-май айларында бүткөрүү пландалууда. Быйылкы жылы 69 мектептин курулушун бүткөрүү пландалган: айрымдарында мектептин кошумча корпусу. Андан сырткары 1 бала бакча, 1 маданий, 3 спорттук, 17 саламаттык сактоо объектисин жана таза суу боюнча 16 объектти бүткөрүү пландалган", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий