• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Быйыл 7 айда өлкөгө 14 млрд 300,6 млн сомго дары-дармек жана медициналык буюмдар алынып келген

Ден соолук 0

Бишкек, 30.07.20. /Кабар/. Быйыл 7 айда өлкөгө 14 млрд 300 млн 646,1 миң сомго дары-дармек жана медициналык буюмдар алынып келген. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинен билдиришти.

Анын ичинен коронавирусту дарылоодо колдонулуучу дары-дармек жана медициналык буюмдарды сатып алууга 2 млрд 149 млн 282,5 миң сом сарпталган: дары-дармек үчүн - 1 млрд 450 млн 395,8 миң сом жана медициналык буюмдар үчүн - 698 млн 886,6 миң сом.

Маселен былтыр 7 айда өлкөгө 12 млн 601 миң сомдук дары-дармек ташылып келген.

Пикир

Оставить комментарий