• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Быйыл 7 айда саламаттык сактоо мекемелеринин кызматкерлеринин маянасына 4 млрд 779 млн сарпталган

Ден соолук 0

Бишкек, 06.08.20. /Кабар/. Быйыл 7 айда саламаттык сактоо мекемелеринин кызматкерлеринин айлык акысын төлөөгөң 4 млрд 779 млн сарпталган. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрайымы Элнура Боронбаева билдирди.

Ал фондун 2020-жылга каралган бюджети тууралуу айтып берди.

"2020-жылга карата республикалык бюджеттен 11 млрд 563 млн сом өлчөмүндө каражат каралган жана Социалдык фонддон берилүүчү камсыздандыруу төгүмдөрү 2 млрд 565 млн сомду түзөт. Бүгүнкү күнү фондго 7 млрд 732 млн сом келип түшкөн. Анын ичинен республикалык бюджеттен 6 млрд 604 млн сом келсе, Социалдык фонддун камсыздандыруу төгүмдөрү 1 млрд 128 млн сомду түздү", - деди ал.

Ал белгилегендей, быйыл 7 айда фонд тарабынан саламаттык сактоо мекемелерине 7 млрд 31 млн сом берилген.

"Саламаттык сактоо мекемелеринин жалпы чыгымдарынын негизги үлүшүн эмгек акы катары төлөнгөн чыгымдар түзөт: 4 млрд 779 млн же 67,6%. Дары-дармектерди, жеке коргонуучу каражаттарды сатып алууга 1 млрд 405 млн сом (23,7%), тамак-аш азыктарына 201 млн сом (2,7%), коммуналдык кызматтарга акы төлөөгө 291 млн сом (5,3%), жабдыктарды сатып алууга 29 млн сом, транспорттук кызмат үчүн 29 млн сом жана 85 млн сом башка чыгымдарга жумшалган", - деди ал.

Андан тышкары 210 млн сом үй-бүлөлүк медайымдарга, үй-бүлөлүк дарыгерлерге индикаторлорду аткаргандыгы жана кургак учук менен ооругандарды амбулатордук түрдө дарылагандыгы үчүн төлөнгөн.

Пикир

Оставить комментарий