• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Быйыл 823 өрт кырсыгы катталып, 16 адам каза болду — ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 18.07.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда катталган кырсыктардын көбү – өрт. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында 823 өрт кырсыгы катталды.

“Материалдык чыгымдын жалпы суммасы 227 млн сомду түздү. Андан 16 адам каза болду”, - деди ал.

Министр быйылкы өрт кырсыгынын эң чоңу “Дордой” базардагы өрт жана Чүйдөгү 223 бука күйүп кеткен сарай болгонун белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий