• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Быйыл 9 айда Бишкектин бюджетине 700 млн сом түшпөй калды

Коом 0

Бишкек, 16.11.20. /Кабар/. Быйыл 9 айда Бишкектин бюджетине 700 млн сом түшпөй калды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Мэрияда вице-мэр Алмаз Бакетаевдин төрагалыгы алдында жергиликтүү бюджеттин кирешелери боюнча штабдын отуруму болуп өтүп, анда Бишкек шаарынын январь-ноябрь айларындагы бюджетинин кирешелеринин аткарылышы каралган.

Отурумда айтылгандай, быйыл 9 айда шаардын бюджетинин кирешелери 6,9 млрд сомду түзүп (план боюнча 7,6 млрд сом), белгиленген план 91,3%га аткарылган. Башкача айтканда шаар бюджетине 700 млн сом түшпөй калган.

Пикир

Оставить комментарий