• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Быйыл 9 айда мамлекеттик сатып алууларга 37,3 млрд сом сарпталган

Коом 0

Бишкек, 02.11.20. /Кабар/. Быйыл 9 айда мамлекеттик сатып алууларга 37,3 млрд сом сарпталган. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйыл 9 айда Мамлекеттик сатып алуулар порталында сатып алуучу мекемелер тарабынан товар, кызмат сатып алуу үчүн 59,4 млрд сомго 62 миң 449 сынак жарыяланган. Алардын ичинен наркы 34,4 млрд сомду түзгөн (24,1 млрд сомго – товар, 7,1 млрд сомго – жумуш жана 3,2 млрд сомго – кызмат көрсөтүү) 40 миң 870 сынак ийгиликтүү өткөн.

Андан тышкары пандемияга байланыштуу Кыргызстанда өзгөчө абал режими киргизилгендиктен “Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу” мыйзамдын 21-беренесинин 4-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык товар, жумуш жана кызмат көрсөтүүлөргө 2,9 млрд сом сарпталган.

Пикир

Оставить комментарий