• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Быйыл аймактарда жаңы форматтагы 3 калкты тейлөө борборун ачуу пландалууда - Жеембаев

Коом 0

Бишкек, 14.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Быйыл аймактарда жаңы форматтагы 3 калкты тейлөө борборун ачуу пландалууда. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Жеембаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, 21-майда Бишкекте №2 тейлөө борбору ачылган.

“2020-жылдын ичинде жаңы форматтагы 3 калкты тейлөө борборун ачуу пландалууда. Алар Нарын облусунун Кочкор районунда, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда. Чүй облусунун Панфилов районунда болот. Ошондой эле Бишкекте унааны тейлөө борборун ачуу да каралууда”, - дейт ал.

Жеембаев тейлөө борборлорундагы кезекти онлайн режимине өткөрүү боюнча долбоор ишке киргизилип жатканын айтат.

“Ал долбоор Бишкектеги №4 калкты тейлөө борборунда пилоттук режимде ишке киргизилүүдө. Эми жарандар мобилдик тиркемени жүктөп, онлайн түрдө кезекке тура алышат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий