• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Быйыл айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмү мол болду - Айыл чарба министрлиги

Коом 0

Бишкек, 02.12.19 /Кабар/. Кыргызстанда 2019-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жалпы аянты 1216,7 миң гектарды түзүп, 2018-жылга караганда 2 миң гектарга көп болгон. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев билдирди.

Анын айтымында, акыркы 5 жылда пайдаланылбай келген жерлердин аянты 110 миң гектардан 63,3 миң гектарга чейин же 42,7 гектарга азайган.

"Өлкө боюнча дан өсүмдүктөрүнүн жыйымы 1955,1 миң тоннаны түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 57,5 миң тоннага көп. Жүгөрүнүн жыйымы 720,1 миң тоннага жетип, былтыркыга караганда 27,2 миң тоннага көп болгон", - деди ал.

Ошондой эле өлкө боюнча жашылчалар 1104,8 миң тонна жыйналып, өткөн жылга караганда 27,2 миң тоннага көп болгон.

Пикир

Оставить комментарий