• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Быйыл Алай районунда 4 жаңы бала бакча ачылары күтүлүүдө – өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү

Аймак 0

Бишкек, 18.05.20. /Кабар/. Быйыл Алай районунда 4 жаңы бала бакча ачылары күтүлүүдө. Бул тууралуу ойлайн брифинг учурунда өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев билдирди.

Брифинг учурунда Жылкыбаевге көрүүчү "30-майдан тарта бала бакчалар ачылары айтылган. Бирок анын убактысы кайра жылдырылды деп жатышат. Бизде Алайда тынч, бал бакчалар ачыла берсе болмок. Алайда бала бакча жетишпейт, көбүрөөк курсаңыздар жакшы болмок", - деген суроосу менен кайрылды.

"Бала бакча, мектеп качан ачыларын Билим берүү министрлиги чечет. Биз сиздин сунушту эске алып, аны министрликке жеткирели. Кээ бир райондордо абал тынч, туруктуу дегенибиз менен жаңы учур чыкса (коронавирус – ред.) бир эле жарандан көп кишиге жугуп кетүү коркунучу бар. Республикалык штаб, министрликтер бар, алардын чечимдерин күтө туралы", - деди ал.

Ошондой эле ал бала бакчалардын курулушу тууралуу айтып өттү.

"Бүгүнкү күнү Алай районунда бала бакчалар курулуп жатат. Буга чейин жеке ишкерлер тарабынан, жергиликтүү бюджет, республикалык бюджеттин эсебинен бир тобу курулган. Быйыл сентябрь айында Алай районунда 4 бала бакча ачылат деп күтүп жатабыз. Билесиздер кээ бир иштер шартка, коронавируска байланыштуу токтоп калган. Азыр курулуш тармагы жанданып, ишке кирип жатат. Бир топ объекттерде иштер улантылып жатат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий