• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Быйыл алты айда ооруканадагы бейтаптардын дарылануусуна 3 млрд 785 млн сом сарпталган - ММК фонду

Ден соолук 0

Бишкек, 27.07.20. /Кабар/. Быйыл алты айда ооруканадагы бейтаптардын дарылануусуна 3 млрд 785 млн сом сарпталган. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Акылбек Калыков билдирди.

Анын айтымында, фонд келишимдик негизде 231 мамлекеттик саламаттык сактоо мекемесин каржылайт. Анын ичинде 99 стационар, 30 жалпы дарыгерлик практика борбору, 49 үй-бүлөлүк медицина борбору, 17 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 34 стоматологиялык бейтапкана, Бишкек жана Ош шаарларында эки тез жардам станциясы бар.

"Мамлекеттик ооруканаларды каржылоо ар бир дарыланып чыккан учур үчүн ишке ашырылат. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинен стационардагы бейтаптарды дарылоого 2020-жылга 7 млрд 105 млн сом каражат каралган. 24-июнга карата ооруканадан дарыланып чыккандардын саны 464 миң 335ти түзгөн. Алардын дарылануусун каржылоого 3 млрд 785 млн сом сарпталган. Дарыланып чыккан учурларды эсепке алуу үчүн маалыматтык база иштейт. Анда ооруканада дарыланып чыккан ар бир бейтап тууралуу маалымат камтылган: алардын социалдык статусу, жаш курагы, клиникалык диагнозу, стационарда болгон убактысы ж.б. Программа дарыланып чыккан учурдун татаалдыгына, бейтаптын социалдык статусуна жана жеңилдетилген категориясына, ошондой эле кызмат көрсөтүлгөн аймакка жараша ар бир дарыланып чыккан учурдун наркын автоматтык түрдө эсептеп чыгат. Ушул программанын маалыматтарынын негизинде ооруканаларды каржылоо жүргүзүлөт", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий