• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Быйыл Ат-Башы районунда 655 окуучу жалпы республикалык тестирлөөгө катышат

Аймак 0

Бишкек, 23.05.20. /Кабар/. Быйыл Ат-Башы районунда 655 окуучу жалпы республикалык тестирлөөгө катышат. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда Ат-Башы районунун акими Нурбек Сатаров билдирди.

Анын айтымында, быйыл Ат-Башы районунда 770 окуучу 11-классты аяктап жатат.

"Алардын ичинен 655 окуучу жалпы республикалык тестирлөөгө катышуу үчүн документтерин тапшырган. Билим берүү министрлиги тестирлөө 21-июнда башталарын билдирди. Бүгүнкү күнү жалпы республикалык тестирлөөгө даярдык иштер жүрүүдө", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий